Трамп: "Биз Сириянын ийгиликтүү өлкө болушун каалайбыз"
АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын президенти Ахмед Шараа менен "абдан жакшы жолугушуу" өткөргөнүн билдирип, "Сириянын ийгиликтүү мамлекет болушун каалайбыз, менимче, президент Шараа муну ишке ашыра алат" деди. Ал Шарааны "күчтүү лидер" деп мүнөздөп, Сириянын Жакынкы Чыгышта өнүккөн өлкө болушуна үмүт артты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Трамп Сириядагы саясий процессти талкуулап жатып, Түркиянын ролуна да токтолуп, "Шараа улуу лидер болгон президент Эрдоган менен жакшы тил табышат. Эрдоган - чоң лидер жана Сириядагы аракеттерди колдоп жатат" деп айтты. Ал жолугушууну эки тараптуу жана аймактык маселелерди чечүүдө маанилүү кадам катары сыпаттады.
АКШ президенти ошондой эле Сириянын Ислам мамлекети кыймылына каршы эл аралык коалицияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай, жакын арада бул боюнча билдирүү болорун маалымдады. Трамп Сирия менен Израилдин мамилеси жакшырганын көрүүнү каалай турганын жана бул багытта эки өлкө менен тең байланышта экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















