super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШда өкмөттү ачууга багытталган убактылуу бюджеттин долбоору Сенатта кабыл алынды

 

АКШ Сенаты 1-октябрда жабылган федералдык өкмөттү кайра иштетүүгө багытталган убактылуу бюджет мыйзам долбоорун 40 "каршы", 60 "макул" добуш менен кабыл алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, документ өкмөттү январь айынын аягына чейин каржылоону карайт жана Айыл чарба министрлиги, Ардагерлер иштери боюнча министрлик жана Конгрессти толук каржылоону камсыздайт. Ошондой эле жабылуу маалында иштен чыгарылмак болгон 4 миңден ашык мамлекеттик кызматкер жумушун сактап калат.

Көпчүлүк демократтар үчүн талаш жараткан саламаттыкты сактоо субсидияларын узартуу маселеси мыйзам долбооруна кирген жок. Бирок бул маселе боюнча өзүнчө добуш берүү декабрь айына пландалууда. Долбоор эми Өкүлдөр палатасына жөнөтүлүп, ал жактан да жактырылса, президент Дональд Трамптын кол коюусуна берилет.

АКШ өкмөтү Конгресс жаңы каржылык жыл башталаар алдында бюджетти убагында беките албай калгандыктан 1-октябрдан бери жабык болчу. Тараптардын узакка созулган пикир келишпестигинен улам бул өлкө тарыхындагы эң узак мөөнөттүү "өкмөттүн жабылышы" катары катталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: