2025-жылдагы Букер сыйлыгынын лауреаты аныкталды
2025-жылдын Букер адабий сыйлыгынын лауреаты болуп британ-венгр жазуучусу Дэвид Салэй тандалды. Ал бул сыйлыкка "Дене" (Flesh) аттуу романы менен татыктуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, калыстар бул чыгарманы "кайталангыс" жана "өзгөчө" деп баалашты. Сыйлык тапшыруу аземи дүйшөмбү түнү Лондондо өтүп, калыстар тобунун төрагалыгын ирланд драматургу Родди Дойл жүргүздү.
"Дене" романы жаш венгр жигити Иштвандын жөнөкөй жашоодон Лондондогу байлар дүйнөсүнө чейинки жолун баяндайт. Калыстар чыгарманы терең мазмуну үчүн жогору баалап, ар бир сөздүн мааниси бар деп белгиледи. Салэй өз чыгармасы аркылуу заманбап Европадагы маданий жана экономикалык айырмачылыктарды сүрөттөгөнүн айтты.
Өткөн жылы бул сыйлыкты англиялык жазуучу Саманта Харви "Орбита" аттуу романы үчүн алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















