Күн сайын 10дон ашык коомдук транспорттун жүргүнчүсүнө айып салынууда
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана "Тулпар" компаниясы менен биргеликте коомдук транспортто жол кирени төлөөнү текшерүү боюнча рейддерди улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Аталган рейдде жол акысын төлөбөгөн жана талон албаган жургүнчүлөргө "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Транспорт департаментинин коомдук транспортту инспекциялоо бөлүмү аркылуу протоколдор түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып салынууда.
"Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто накталай акча төлөгөндө, талон алууну унутпаңыз. Ар бир каттамдын өзүнчө номурдагы талону болот жана ал талондор кийинки каттамга жараксыз экенин эскертебиз",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















