Тайванда кенже тейлөөчү кызматкер искусство чыгармасын "кир күзгү" деп өчүрүп салды
Тайвандагы музейлердин биринде иштеген кенже тейлөөчү кызматкер жаңылыштык менен заманбап искусство чыгармасын өчүрүп салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя курулуш материалдары жана күнүмдүк буюмдар колдонулган "We Are Me" аттуу көргөзмөсүндө болгон. Чыгарманын ээси - тайвандык сүрөтчү Чен Сун-чжи, ал өз эмгегин "Тескери сүйлөм түзүлүшү – 16" (Inverted Syntax – 16) деп атаган. Эмгек чаң каптаган айнектен жана жыгач панодон турган символдук композиция болуп, орто класстын өзүн-өзү кабылдоосун жана маданий аң-сезимин чагылдырган.
Тазалоо учурунда ыктыярчы кызматкер айнекти "кир болуптур" деп ойлоп, 40 жылдык чаң катмарын даараткана кагазы менен сүртүп салган. Натыйжада чыгарманы өзгөчө кылган концептуалдык маңызы толугу менен жоголгон. Музей жетекчилиги окуядан кийин сүрөтчүдөн кечирим сурап, компенсация төлөө маселесин карап жатканын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















