super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Манас шаары "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында 1-орунду жеңди

 
Манас шаары "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында 1-орунду жеңип, 3 миллион сом сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-ноябрда Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда орун алды. Сыйлыкты форумдун жүрүшүндө мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковго тапшырды.
Белгилей кетсек, ️сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган. Ал эми аталган сынакта Нарын шаары экинчи орунду ээлеп, 2 миллион сом, Кара-Көл шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомго ээ болду.
Эске салсак, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сыйлык катары каралган 3 миллион сом кайра эле балдарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында пайдаланыла тургандыгын белгилеген. Тагыраагы, ал каражатка мэриянын карамагындагы "Алтын балалык лагерине" кошумча коттедждер курулат. Аталган лагерде жыл сайын 200дөн 300гө чейин аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, камкорчуларынан ажыраган балдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен акысыз эс алып келишет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: