super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мыйзамсыз балык уулагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда

 

Мыйзамсыз балык уулагандарга жазаны күчөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

Ички иштер министрлиги демилгелеген документте мыйзамсыз балык уулагандар үчүн жаза жеңил болуп жатканы белгиленип, андыктан аларга карата жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү каралган.

Ага ылайык, мыйзамсыз балык кармагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынып же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышат. Эгерде жаратылышка оор зыян келтирсе 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынып, мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылдан 5 жылга чейин абакка кесилет. Ошондой эле өзгөчө ири зыян келтирилсе, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзам долбоорунда учурда мыйзамсыз балык кармагандарга Кылмыш-жаза кодекси боюнча 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин гана айып салынары белгиленип, мындай жаза айрым адамдардын мыйзамсыз балык уулоосун токтотпой жатканы мисал келтирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: