Камчыбек Ташиев Кара-Мык айылынын тургундары менен жолугушту
Бүгүн, 11-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Мык айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушууда Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасынын такталышы боюнча жүргөн көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн этаптары, алмашуулардын принциптери жана кабыл алынган чечимдердин негиздемелери тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ар бир аймактын стратегиялык маанилүүлүгү жана анын өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кошкон салымы тууралуу да түшүндүрмө берди.
Ошондой эле ал мындан ары чек арада тынчтык жана туруктуулук сакталарын, коңшу мамлекеттер менен өз ара урматтоого жана кызматташтыкка негизделген мамилелерди өнүктүрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Камчыбек Ташиев айрым чагымчыл күчтөр тараткан жалган жана коомчулукту адаштырууга багытталган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.
Жергиликтүү тургундар чек ара маселесинин өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеп, аны мамлекеттин кызыкчылыгын максималдуу коргоо менен чечкен саясий жетекчиликке ыраазычылык билдиришти. Алар тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү – аймак үчүн эң башкы баалуулуктар экенин айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















