super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте майыптыгы бар жарандар үчүн шаардык фестивалдын II туру борбор калаада өткөрүлөт 

 

Борбор калаада 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин майыптыгы бар жарандар арасында шаардык фестивалдын II туру өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара өкмөттүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин уюштурулуучу айлыктын алкагында, мэриянын Маданият башкармалыгынын планына ылайык өткөрүлөт.

Бул фестивалга катышуу үчүн 23 уюмдан арыз келип түшкөн: 11 балдар, 12 чоңдор жана коомдук бирикмелер, фонддор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген реабилитациялык борборлор. Калыстар тобунун курамына Кыргызстандын элдик, эмгек сиңирген артисттери, сүрөтчүлөрү жана жогорку окуу жайларынын доценттери, маданияттын мыкты кызматкерлери кирди. Көркөм чыгармачылык боюнча фестиваль 25 жылдан бери жети номинация боюнча өтүп келет:

  1. Вокал
  2. Хор музыкасы
  3. Көркөм окуу
  4. Музыкалык аспаптарда чыгармаларды аткаруу
  5. Мода көрсөтүү
  6. Пантомима
  7. Бий (жеке же жамааттык)

Кол өнөрчүлүк конкурсунда кийиз, жыгач, макраме, бисер токуу, акварель жана башка иштер көрсөтүлөт.

Жыл сайын калыстар тобу аткаруучулук чеберчиликтин байкаларлык өсүшүн жана жамааттардын активдүү катышуусун белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: