Таиланд Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту
Таиланд бийлиги Камбоджа менен 26-октябрда түзүлгөн тынчтык келишиминин ишин убактылуу токтотту. Мындай чечим эки тай жоокери чек арага жакын жерде мина жарылуусунан жаракат алгандан кийин кабыл алынды.
Өкмөттүн өкүлү Сирипонг Ангкасакулкиаттын айтымында, документтин иши токтотулганын премьер-министр Анутин Чарнвираку жарыялап, өлкө коопсуздугуна болгон коркунуч дале жоголо электигин белгиледи.
Камбоджанын ТИМи бул чечимге тынчсыздануусун билдирип, Пномпень келишимдин бардык шарттарын аткарууга даяр экенин билдирди.
Таиланд армиясы мина жакында коюлган болушу мүмкүн деп болжолдойт. Бул чек арада акыркы төрт айда катталган жетинчи жарылуу экени маалымдалды.
Эскерте кетсек, Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы куралдуу кагылышуулар май айында күчөп, оор артиллерия жана авиация колдонулган. Октябрда эки тарап тынчтык келишимине кол коюп, анда ок чыгарбоо, туткундагы 18 камбоджалык жоокерди бошотуу жана аймактарды минадан тазалоо боюнча кызматташуу каралган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















