Путин ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет
Орусиянын президенти Владимир Путин ноябрь айында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Орусиянын элчиси Сергей Вакулов билдирди.
Анын айтымында, Путиндин сапары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына катышуу менен байланыштуу болот.
Дипломат ошондой эле бул сапар Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин август айында Чолпон-Атага келиши менен бирге Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталганын белгиледи.
Бул иш сапары Орусия менен Кыргызстандын кызматташтыгын чыңдап, эки өлкөнүн биргелешкен уюмдардагы — ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУдагы мамилелерин дагы бекемдөөгө жардам берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-11-12
11:16
2025-11-12
10:23
2025-11-12
8:00
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















