Ташиев чек арачылар мындан ары оор куралдарды колдонбой турганын айтты (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачылардын колдонгон курал-жарактарына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-ноябрда Оштун Чоң-Алай районунда чек арачыларга жаңы турак жайлардын ачкычтарын тапшырып жатып билдирди.
Анын айтымында, чек арачылар колдонгон куралдар, куралдардын саны, колдонуу тартиби толук өзгөртүлөт. Атайын кызматтын башчысы анын негизинде оор курал-жарактар, аскердик оор техникалар колдонулбай каларын белгиледи. Ошондой эле Ташиев мунун бардыгы коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүлгөнүн тактады.
"Силердин колуңарда жеңил гана курал-жарактар болот. Мен кызматтын кайсы бир деңгээлде жеңилдегенин айтып жатам. Оор күндөр болду. Мына, эми кызматтын жеңилдетилген тартибине өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү",- деди УКМКнын төрагасы.
Ташиев чек арачылар мындан ары оор куралдарды колдонбой турганын айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















