Манас шаарында "Тез жардамдын" санарип диспетчердик системи ишке кирди
Манас шаарында тез медициналык жардамдын санарип диспетчердик кызматы иштей баштады. Жаңы систем чакырууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүп, "Тез жардам" унааларынын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бере тургандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Санарип диспетчердик кызмат Манас шаары менен Сузак районунун тургундарын камтыйт жана медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын, тактыгын жана координациясын жакшыртат.
"Жаңы систем заманбап компьютердик жана мобилдик жабдуулар, картография жана аналитикалык программалар менен интеграцияланган. Диспетчерлер менен фельдшерлер атайын окутуудан өтүп, чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу жана бейтапка жетүү убактысын, айрыкча алыскы аймактарда, кыска мөөнөткө чейин азайтуу максатында иш алып барууда",- деп белгеленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















