Ошто милициянын атын жамынып, акча талап кылгандар кармалышты
Ошто милициянын атын жамынып, акча талап кылгандар кармалышты.
Маалым болгондой, жеке ишкер укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, 11-октябрга караган түнү ага бейтааныш жарандар келишип, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери боло тургандыгын айтып, 30 миң доллар талап кылышкан. Акча бербесе камалып кетерин билдирип, 2500 доллар акча каражатын опузалап алышып, из жашырган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-бересинин 4-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Ж.К. аттуу Кара-Суу районунун тургуну, Ош шаарынын тургундары 1991-жылы туулган Ж.А., 1986-жылы туулган С.И. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Тергөө уланууда.
Кармалгандар милиция кызматына эч кандай тиешеси жок экендиги маалыматта кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















