super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кремль Токаев менен Трамптын сүйлөшүүсүнүн мазмунуна кызыкдар

 

Кремль Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу жолугушуусунун мазмунуна кызыкдар. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин жазат "Коммерсантъ".

Песковдун айтымында, эгер Токаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү зарыл деп эсептесе, бул Орусия тарап үчүн абдан кызыктуу болмок.

Ал кошумчалагандай, Казакстан Орусиянын стратегиялык жана союздаш өнөктөшү, ошондуктан эки өлкө лидерлеринин үзгүлтүксүз байланышта болушу табигый көрүнүш. Токаевдин Орусияга сапары 11-12-ноябрга пландалган.

Өткөн жумада АКШда "С5+1" форматы боюнча саммит өтүп, анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Трамп менен жолугушкан. Трамп жана Токаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан менен АКШнын маанилүү минералдар тармагындагы кызматташуусун талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: