Жибек-Жолундагы көпүрө кеңейтилип, алты тилкелүү болот
Бишкектеги Жибек-Жолу проспектиндеги көпүрөнү реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда мэриядан кабарлашты.
Учурда батыш тарабындагы тирөөчтөрдүн курулушу толугу менен аяктап, чыгыш тарабында бетон куюу жана монтаждоо иштери уланууда. Курулуштун биринчи этабынын алкагында көпүрөнү тургузуу үчүн алты устундук конструкция Бишкек шаарына алынып келинди.
"Жаңы көпүрө мурдагыга салыштырмалуу бир топ кең жана ыңгайлуу болот. Кыймыл тилкелери экиден алтыга чейин көбөйөт. Курулуштун узундугу 25 метрди, туурасы 34,3 метрди түзөт. Эки жагынан тең жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 3 метрден болгон тротуар каралган, бул коопсуз кыймылды камсыздайт",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















