Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы элчи Года Хидэкиге жемиштүү ишмердүүлүгүн баса көрсөтүп, Япония Кыргызстан үчүн өнүгүү жолунда ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөш болуп саналарын өзгөчө белгиледи.
Президент Япония өкмөтү менен өз ара аракеттешүүнүн алкагында Кыргызстанда өлкөнү социалдык-экономикалык жакшыртууга багытталган бир катар социалдык маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп өттү. Ал бул демилгелер жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга жана региондорду өнүктүрүүгө жакшы салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Маектешүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров акыркы жылдары Япониядан келген туристтердин саны өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, бул элчинин эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Японияда илгерилетүү боюнча жүргүзгөн ишинин натыйжасы экенин баса көрсөттү.
Өз кезегинде Года Хидэки Мамлекет башчысына Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө көрсөткөн көңүл буруусу, колдоосу жана жылуу мамилеси үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы жылдары кыргыз-япон кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү, айрыкча КРнын президентинин Японияга болгон расмий сапарынан кийин, бул эки жактуу мамилелердин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн бекемделишине кошумча түрткү берди.
Года Хидэки ошондой эле Япониядан Кыргызстанга туристтик агымдын өсүшү жөнүндө айтып берди. Ал 2023-жылы Токиого болгон сапары учурунда Садыр Жапаров JATA туристтик операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн эске салды, бул Кыргызстанды Япониянын жарандары үчүн жагымдуу туристтик багыт катары илгерилетүүгө өбөлгө түздү.
Элчи Года Хидэки Япония Кыргызстанды чөлкөмдөгү маанилүү өнөктөш катары эсептей турганын жана саясий, экономикалык, гуманитардык жана маданий тармактарда кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө ниети бар экенин ырастады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















