iOS 26да iPhone'ду тил менен жана мимика аркылуу башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду
iOS 26да iPhone жана iPad'ды бет мимикасы жана баштын кыймылдары менен башкаруу мүмкүнчүлүгү кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, функция "Универсалдык жеткиликтүүлүк" бөлүмүндө жайгашкан жана алдыңкы камера аркылуу жылмаюу, каш көтөрүү, көз ирмөө, тил чыгаруу сыяктуу мимикаларды тааныйт.
Колдонуучу белгилүү бир мимиканы ар кандай аракетке байланыштырып койсо болот. Мисалы:
- каш көтөрүү
- жылмаюу
- көз ирмөө
- эринди кыймылдатуу
- тил чыгаруу
- мурун чүйрүү сыяктуу
Жаңы функция iPhone 11ден баштап иштейт. Apple бул функцияны майыптыгы бар жарандар үчүн жардамчы курал катары чыгарган, бирок ал социалдык тармактарда кызык оюн-зоок катары тез тарады.
iOS 26да iPhone'ду тил менен жана мимика аркылуу башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















