Кол тийгис адам жок... БШК төрагасы шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларына кайрылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларына кайрылды.
Анын айтымында, мыйзамсыз үгүт иштерине, добуш сатып алуу, башка талапкерлердин кадыр-баркына шек келтирүү сыяктуу иш аракеттерге жол берилбейт. Ал эми шайлоонун жүрүшү президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.
"Мамлекет башчысы шайлоонун адилеттүү, ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде өтүшүнө өзгөчө көңүл бурууда. Бардык талапкерлерге жана алардын тарапташтарына эскертем - үгүт иштери мыйзамдын так алкагында, шайлоочуларга жана атаандаштарга болгон сый-урмат менен жүргүзүлүшү зарыл. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт. Кол тийгис адам жок. Баары мыйзам алдында бирдей.
Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата - талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы - тиешелүү чараларды көрөт", - деп белгиленген кайрылууда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















