Франция Палестинанын Конституциясын иштеп чыгууга жардам берет
Франция Палестина администрациясына келечектеги Палестина мамлекети үчүн Конституция жазууга жардам берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул үчүн тараптар биргелешкен комитет түзүшөт. Документтин долбоору учурда даярдалып, аны улуттук администрациянын башчысы Махмуд Аббас сунуштаганы белгилүү болду.
"Биз диалог менен тынчтыктын маданиятын колдойбуз жана мыйзамдын үстөмдүгүнө, ачыктыкка, адилеттүүлүккө, плюрализмге жана бийликтин алмашуусуна берилген, демократиялык, куралсыз мамлекетти каалайбыз",- деп билдирди Аббас Париждеги Эммануэль Макрон менен жолугушуудан кийин.
Сентябрь айында Франция Израил тараптан болгон нааразычылыктарга карабастан Палестинаны тааныган. Кийин Франция жана анын союздаштары Палестин автономиясынын каржылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн өзгөчө коалиция түзүшкөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















