Кэтрин Коннолли Ирландиянын президенттик кызматына киришти
Октябрдын аягында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Кэтрин Конноллинин инаугурациясы кечээ, 11-ноябрда Дублин сепилинде өттү.
Ирландия парламенттик республика болгондуктан, президент мамлекет башчысы болуп саналат, бирок өлкөнү башкаруу милдети өкмөттүн колунда.
68 жаштагы Коннолли АКШ менен Европа Биримдигин ачык сындап келген жана Газа секторундагы согуш боюнча алардын позициясын эске алуу менен АКШ, Улуу Британия жана Франция сыяктуу союздаштардын ишенимдүүлүгүнө шек келтирген. Ал коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө каршы чыгып, Ирландиянын аскердик нейтралдуулугун сактап калууну жактайт.
Коннолли инаугурациясында Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө убада берди.
Инаугурацияга Түндүк Ирландиянын өкмөт башчысы, “Шин Фейн” партиясынын төрага орун басары Мишель О’Нил катышты. Бул партия аралдын эки бөлүгүндө тең иш жүргүзүп, алардын биригишин колдойт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















