super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайда адам өмүрүн 150 жашка чейин узарта турган дары ойлоп табылды

 

Кытайлык Lonvi Biosciences стартабы жүзүмдүн данегинен дарыларды иштеп чыгууда, ал дары адамдын өмүрүн 150 жашка чейин узартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу The New York Times кабарлады.

Маалыматка караганда, лаборатория Кытайдын түштүгүндөгү Шэньчжэнде жайгашкан.

Компаниянын ыкмалары Шанхай окумуштууларынын изилдөөлөрүнө негизделген. Алар процианидин C1 (PCC1) жүзүм данегинен алынган зат чычкандардын жашоосун жалпы 9,4 пайызга узартарын жана дарылоону баштагандан кийин алардын өмүрүн 64,2 пайызга узарганын аныкташкан.

"150 жашка чейин жашоо чын эле мүмкүн. Бир нече жылдан кийин бул реалдуулукка айланат",- деди башкы техникалык директор Лю Цинхуа.

Жүзүмдүн данеги Батышта узак убакыттан бери пайдалуу азык катары белгилүү, анын майы косметологияда, анын ичинде тери жашартууда колдонулат. Lonvi Biosciences компаниясы жасап жаткан дарысында "жаракат же стрессти токтоткон, бирок организмде табигый жол менен жок болбой, ткандарда сезгенүүнү жаратуучу клеткаларды жок кылган изоляцияланган молекулалар бар экенин" айтууда.

2024-жылы Кытайда орточо жашоо узактыгы 79 жашка жетти, бул дүйнө боюнча орточо көрсөткүчтөн беш жылга көп.

Эскерте кетсек, буга чейин өлбөстүк темасы Кытай жана Орусия лидерлери тарабынан жеке жолугушууда талкууланган. Кийин Пекиндеги басма сөз жыйынында Владимир Путин Си Цзиньпин менен өлбөстүк тууралуу сүйлөшкөнүн ырастаган. Путиндин айтымында, ал заманбап медицина адамдардын өмүрүн узарта аларына ишенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: