Кыргызстан КМШнын сейсмикалык туруктуу курулуш жыйынына катышты (фото)
Кечээ, 11-ноябрда Алматы шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагындагы базалык уюмунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жыйынга өлкөнүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов, КМШга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар жер титирөөгө туруктуу курулушту өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ченемдик-техникалык документтерди шайкеш келтирүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле, имараттар менен курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга жана өз ара тажрыйба алмашууга багытталган инновациялык технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мекемеден кошумчалашкандай, иш-чара “Казак курулуш жана архитектура илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту” ачык акционердик коому тарабынан уюштурулду. Жыйын Казак башкы архитектура-курулуш академиясынын базасында өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-11-12
11:16
2025-11-12
10:23
2025-11-12
8:00
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















