АКШда биринчи жолу ChatGPT колдонгон жактоочу жазаланды
АКШнын Мэриленд штатынын апелляциялык соту ChatGPT колдонуп, чындыкка жатпаган соттук прецеденттерди камтыган документтерди тапшырууга аракет кылган жактоочуга каршы чечим чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, үй-бүлөлүк иштер боюнча жактоочу Адам Хайман апелляциялык арызында жасалма сот цитаталарын колдонгон. Анын айрым цитаталары коргоо аргументтерине каршы келген.
Жактоочу өзүн коргоо үчүн жардамчысы жасалма интеллекттин галлюцинация кооптуулугун билбегенин айткан.
Соттун чечими боюнча жактоочу менен анын жардамчысы жасалма интеллектти этикалык колдонуу боюнча окуудан өтүүгө жана документтерди текшерүү көндүмүн өркүндөтүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле жактоочунун иши дисциплинардык комиссияга жөнөтүлдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















