Эсиңиздеби? СССР мезгилинде ар бир үйдө болгон күнүмдүк буюмдардын баяны

Совет доорундагы ар бир үйдүн өзүнө гана таандык жыты, жылуу эскерүүлөрдү жараткан буюмдары бар эле. Айнек идиштер, гүлдүү килемдер, жыгач оюнчуктар мунун баары ошол мезгилдин турмушун чагылдырып, бүгүн ностальгия жаратат. Ошол учурда деле адам баласы заман агымына жараша багыт алып кете берген жана да модалуу кийинип, акыркы үлгүдөгү үй буюмдарын алып турушкан. Бул фоторепортажда ошол унутулгус доордун изин сактаган буюмдарды кайра эстейбиз.
Кол машине
Мен совет мезгилинде жашабасам да, анын эпкинин сезип калган адам катары учкай кеп кылып, алгач апамдын себине келген буюмдарынан баштагым келип турат. Апамдын кийим тигүүчү машинасы – бул буюмдун биздин үйгө келгенине 50 жылга чукулдап калды. Апам чебер тикмечи болгондуктан бул машина далай кийим тигип, курак курап чоң жардамчы болгон. Бирок колго анчейин деле ийне кармабаган заман болуп, айтор, кээде гана кызыгып кармап койгонубуз болбосо дээрлик иштетилбейт. Аны биз үйдүн сувенири деп сактап келебиз. Совет учурунда тигүүчү машиналардын массалык чыгарылышы 1960-жылга туш келген. Алардын эң эле атактуулары Чайка, Госшвеймашина, Зингер жана башкалар болгон.
"Китеп" стол
Совет доорунун бул өлбөс столдору бүгүнкү күндө да КМШнын, ага катар биздин өлкөнүн көпчүлүк батирлеринде жана дачаларында колдонулуп келет. Анткени ал да чоң апаларыбыздан калган эстеликтердин бири. 1960-жылдары трансформер столдор социалисттик өлкөлөрдө, анын ичинде Советтер Союзунда да көп чыгарыла баштаган. Мындай столду 100–200 рублга сатып алууга болчу. “Китеп сыяктуу” стол – аз орун ээлеп, бирок максималдуу пайдалуу болчу нерселердин катарына кирет. Ачылган “канаттары” менен стол кичинекей хрущёвкада да, жатаканада да чоң дасторкондорду уюштурууга жардам берчү. Бир “канатын” ачса – жазуу столу болуп калат, ал эми бүктөлгөндө – гүлдү же үй-бүлөлүк сүрөттөрдү коюуга ылайыктуу тумба катары колдонсо болот.
Трельяж

Бул негизинен аялдардын бетин карап, чачын жасоо үчүн колдонулган үч бөлүктөн турган күзгү менен жабдылган стол же шкаф. СССР мезгилинде трельяждар ар бир үйдө кеңири колдонулуп, дизайн жана бышыктыгы менен айырмаланган. Бүгүнкү күндө алар коллекциялык буюм катары бааланат жана классикалык интерьердин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Каскад асма чырагы
Каскад — бул СССРдеги эң таанымал асма чырак моделдеринин бири. 1970–1980-жылдары үйдөгү байлыктын символу катары белгилүү болгон. Ал көп кабаттуу конструкциядан туруп, ылдый карай агып түшкөн суудай көрүнгөн ачык же түстүү хрусталдан жасалган шуру сымал илгичтерден турган. Бирок ал жылтырап турганы менен, желимден жасалып, салмагы жеңил. Бул асма чырак айрым үйлөрдө дагы деле кездешет.
Эт майдалагыч
СССР мезгилинде ар бир үйдө дээрлик болгон абдан белгилүү жана узак мөөнөт колдонулган буюмдардын бири. Ал адатта чоюндан же алюминийден жасалган.



Кол менен айлантылуучу туткасы бар болуп, столдун четине бекитилүүчү механизм менен жабдылган. Көп учурда "Мясорубка №5", "ЗМЗ", же жөн гана "СССР" деген жазуулар менен чыккан. Бул буюм менен эттен тышкары жашылча, балык, печенье да майдалашкан. Көптөр аны азыр да эстелик же колдонмо буюм катары сактап жүрүшөт.
Хрусталь идиштер
Хрусталь – союз мезгилинде байлыктын жана бардар жашоонун белгиси болгон. Энелер сервантынан хрусталь бокалдарды, рюмкаларды же салат салгычтарды алып чыгары менен үй-бүлөдө бир заматта майрамдык маанай башталчу. Жаркыраган идиштер майрамдык дасторкондо, конок келгенде гана айрымдары чыкпаса, дээрлик байлыктын символундай эле идиш коюлган текчелерди кооздоп турган. Ошол мезгилде Чехословакиядан чыгарылган хрусталь идиштер баарынан баалуу болуп, сапаты жагынан эч кимди алдына чыгарган эмес.
Балык набор.
Эгер сиз СССР мезгилин көргөн болсоңуз же жок дегенде постсоветтик мейкиндикте жашап жатсаңыз, анда “Балыктар” керамикалык наборун сөзсүз көргөнсүз. Анын тарыхы 1955-жылы башталган. Грузин керамист сүрөтчүсү Абесалом Барамидзе балык түрүндөгү караф жана ага коштолгон чөйчөктөрдөн турган топтомду сунуштаган. Керамикалык балыктар "Рига" фарфор заводунда чыгарылган. Кызыгы, айрым каталогдордо автор катары Мери Доментьевна Барамидзени көрсөтүшөт. Ал Абесаломдун жубайы жана кесиптеши болгон.
Авоська
Көптөгөн эски тасмаларда кездешкен, совет доорунун жөнөкөй, бирок таанымал бир буюму — жиптен токулган баштык. Ал учурда азыркыдай желимден баштыктар колдонулган эмес. Анын бирден бир себеби – айлана-чөйрөгө кам көрүү болуп саналган. Классикалык авоська 14 катардан туруп 24 бөлүкчө болуп өрүлүп жасалган. Ал 70 килограммга чейин көтөрө алган. Советтер Союзунда кеңири колдонулган бул буюм азыр шоппер сумкалардай популярдуу болбосо да, айлана-чөйрөнү булгаган пластик баштыктарга альтернатива катары кээде колдонулуп жүрөт.
Стакан коюлчу темир кармагыч
СССРде бул жөнөкөй буюм мамлекеттик символдордун бирине айланган. Октябрь революциясынан кийин фарфор жана фаянс сыяктуу буржуаздык чөйчөктөрдүн ордуна айнек стакандар чыгарыла баштаган. Чай куюп ичүүдө ал стакандар ысык болгондуктан, алардын алдына подстаканник жасалган. СССРде бул буюмду 30дай завод темирден жана күмүш аралашмасынан да чыгарган. Бир нече жыл мурун Фаберженин күмүш подстаканниги аукциондо 350 миң рублга сатылган. Учурда да айрым темир жол вагондорунда кездештирүүгө болот.
Чокой
Бул бут кийим кышы оор түшкөн аймактардын кийим стили менен ассоциацияланат. Чокойдун "алтын доору" СССР учурунда болгон. Ошондо аларды өлкө боюнча 28 жүндү кайра иштетүүчү фабрика жана комбинаттар чыгарган. Бирок кайра куруу башталганда чокойлорду Кытайдын бут кийими сүрүп чыгарган. Дарыгерлер чокойдун дарылык касиетке ээ экендигин жашырышкан эмес. Алар денеге массаждык таасир берип турары айтылган. Алар койдун жүнүнөн жасалып, курамында ланолин бар. Ал муун ооруларында, өзгөчө ревматизм жана радикулитте жардам берет. Ошондой эле ланолин жаралардын тез айыгышына көмөктөшөт деп эсептелет. Жылаңайлак бутка кийилген чокойлор сүрүлүү учурунда электростатикалык талаа пайда болуп, кан айланууну жакшыртат.
Тараза
Советтик таразалардын кеңири таралган түрү – “ВР” үлгүсүндөгү механикалык тараза. Көбүнчө Тула, Минск же башка шаарлардагы прибор куруучу заводдордо өндүрүлгөн. Алар Т формасында болуп, чоң циферблат орнотулган. Бир жагына товар, экинчи жагына гирялар коюлат. Товарларды так өлчөш үчүн 50 граммдан 5 килограммга чейинки салмактагы гиряларды колдонушкан. СССРде өлчөм жана салмак мамлекеттик мааниге ээ болгон, себеби товарлар тыгыз эсеп менен сатылчу. Ар бир тараза жылына бир жолу мамлекеттик текшерүүдөн өтүп, мөөр басылчу. Бул текшерүү таразанын так иштешин камсыздаган.
Жыгач оюнчуктар
СССРде балдар үчүн оюнчуктар негизинен жыгачтан жасалчу. Бул жөнөкөй материалдын кеңири колдонулушу ар кандай тармактарда себептерге байланыштуу болгон. СССРде желим жана башка заманбап синтетикалык материалдар жетиштүү деңгээлде өндүрүлбөй, же өтө кымбатка турган. Ал эми жыгач — ар тараптан жеткиликтүү, байыркы материал болгон. Мындан тышкары жыгачтан жасалган оюнчуктар экологиялык жактан таза, балдардын ден соолугуна зыянсыз болгондуктан, ата-энелер жана өндүрүшчүлөр үчүн бул чоң артыкчылык болуп эсептелген. Жыгач оюнчуктарды көбүнчө кол менен жасашчу, анан кооздоп, боёшчу. Балдардын өнүгүүсүндө жыгач оюнчуктардын өзгөчө ролу бар. Алар кол кыймылын жакшыртууга, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, түстөрдү, формаларды жана материалдарды таанып-билүүгө шарт түзгөн. СССРде бул аспект бааланып, оюнчуктардын педагогикалык мааниси жогору каралган.
Сыналгы жана үналгы
Совет мезгилинде радио менен телевизор ар бир үйдүн ажырагыс бөлүгү болчу. Алгач 1930-жылдары “радиоточкалар” орнотулуп, эл жаңылыктарды, концерттерди жана радиоспектаклдерди көчөдө угуп, дүйнө менен байланыш түзгөн. Андан чоң түрдүү үналгылар чыгарылып, алардын ичинен «ВЭФ», «Океан», «Спидола», «Альпинист» сыяктуу моделдер эң таанымал болгон. Алар чоң корпус, жыгач капкак жана механикалык баскычтары менен айырмаланып, абдан бышык чыккан.



1950–1960-жылдардан тарта телевизорлор пайда болуп, үй-бүлөлөр үчүн чыныгы кубаныч тартуулаган. Алгачкы моделдердин бири "КВН-49" болсо, кийин "Рекорд", "Рубин", "Темп", "Горизонт", "Весна" сыяктуу телевизорлор чыгарылган. Алар жыгач кутучанын ичине темир салып койгондой оор жана төрт бурчтуу эле.
Бүгүнкү күндө радионун ордун интернет жана смартфон басып, телевизорлор ичкерип, “акылдуу” системага айланды. Бирок ошол советтик аппараттар көпчүлүк үчүн ностальгия жаратып, техника тарыхындагы унутулгус барак болуп калды.
Винил ойноткуч
Бул пластинкалардагы музыканы ойнотуу үчүн колдонулган шайман. Ал мурун СССР мезгилинде дээрлик ар бир үйдө болгон. Азыр болсо ретро буюм катары бааланат, айрым жаштар аны кайрадан колдонуп жатышат.


Музыка шайманы XX кылымдын ортосунда, айрыкча 1950–1980-жылдары эң популярдуу болгон. Алардын аркасы менен дүйнө музыканы массалык түрдө угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. СССРде да көп тараган, мисалы: "Аккорд", "Арктур", "Вега", "Электроника", "Радиотехник" деген үлгүлөр чыгарылган. Винил пластинка айлануучу столго коюлуп, үстүнөн ийик менен бастырып койсо, микроскопиялык оюктардагы термелүүдөн үн чыгат.
Совет мезгили артта калганына карабастан, ошол доордогу турмуш буюмдары көптөр үчүн балалыкты, үй-бүлөлүк жылуулукту жана жөнөкөй, бирок маанилүү баалуулуктарды эске салат. Алар — тарыхтын бир бөлүгү гана эмес, элдин эсинде сакталып калган маданий мурас. Бүгүн бул буюмдар музейлерде же унутулуп калган сандыктарда турса да, ар биринин артында бир доордун окуясы жашайт.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















