Кыргызстандык бийчилер Франциядагы турнирде байгелүү орундарды алышты
Кыргызстандык бийчилер Францияда өткөн бал бийи боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда Франциянын Понто-Комбо шаарында дүйнөлүк бий спорту федерациясынын (WDSF) демөөрчүлүгү менен ар жылдык бал бийи боюнча эл аралык турнир болуп өткөн. Мелдешке Франция, Италия, Румыния, Латвия, Чехия жана башка өлкөлөрдөн келген Европанын эң күчтүү бийчилери катышкан.
"Турнирге кыргызстандык бийчилер: Владимир Вырлеев жана Мария Прошлецова катышты. Алар чоңдор арасында күч сынашып, жогорку чеберчиликти көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында аталган түгөйлөр ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынышты",- деп билдирди федерация.
Ал эми турнирдеги "WDSF International Open – Adults" аттуу мелдеште Вырлеев менен Прошлецова финалга чейин жетип, дүйнөнүн төрт бурчунан келген 31 жуптун арасында төртүнчү орунду ээлеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















