Орусияда адамга окшош алгачкы робот презентация учурунда кулап түштү (видео)
Москва шаарында Орусиянын Aidol деп аталган биринчи антропоморфтук роботунун презентациясы өттү. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, бул робот жаңы технологиялык коалиция тарабынан иштелип чыккан жана жасалма интеллект менен жабдылган. Робот толук офлайн режимде иштей алат жана эмоцияларды көрсөтө алат.
Бирок презентация ийгиликсиз аяктаган. Видеодон байкалгандай, робот сахнага араң чыгып, көрүүчүлөр менен саламдашкан соң, кулап түшкөн. Уюштуруучулар роботту сахнадан көтөрүп алып кетишкен. Учурда роботтун абалы боюнча маалымат бериле элек.
Орусияда алгачкы адамга окшош робот презентация учурунда кулап түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















