super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандык моделдер Түштүк Кореядагы "Face of Asia-2025" сынагында Гран-приге ээ болушту

 

Кыргызстандын модельдер командасы 17-октябрдан 1-ноябрга чейин Түштүк Кореянын Канвондо провинциясында өткөн "Asia Model Festival" алкагындагы "Face of Asia-2025" эл аралык профессионалдык сынагында Гран-при сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу "Face of Kyrgyzstan" жана "Asia Model Festival" долбоорунун улуттук директору Айжамал Осмонова билдирди.

Өлкөнүн намысын 18 жаштагы Аделина Заря менен Тургунбек Анарбеков жана 22 жаштагы Айтолгон Алмаз кызы коргошту. Үчөө тең ар түрдүү демөөрчүлүк номинациялардын жеңүүчүлөрү болушту. Айрыкча Аделина Заря 25 өлкөдөн келген 100дөн ашуун катышуучунун арасынан озуп чыгып, башкы байгени жеңди.

Сынактын уюштуруучуларынын айтымында, жеңүүчүлөрдү аныктоодо сырткы келбет менен катар тартип, баарлашуу жөндөмү, айланадагыларга урмат-сый жана кесипкөйлүк да эске алынат. Долбоордун жүрүшүндө катышуучулар моделдик лагерде окуп, жарнамалык тартууларга катышкан, K-pop багыттарын үйрөнгөн жана модельдик чеберчиликтерин өркүндөтүшкөн. Кыргыз модельдери сахнада дизайнердик кийимдерди, улуттук костюмдарды жана кечки көйнөктөрдү көрсөтүп, Кыргызстандын маданияты менен салттары тууралуу видеопрезентацияларды да сунушташкан.

Мындан тышкары, Кыргызстан балдар категориясында да катышып, өлкөнүн атынан тогуз жаш модель чыгып, Айару Расул кызы "Fashion Icon Award" наамына ээ болду. Ал эми сеньорлор арасындагы сынакта модель Алия Айтымбетова демөөрчүлүк номинацияны утуп алды.

"Face of Asia" сынагынын жеңүүчүлөрү Түштүк Кореяда модельдик келишимдерди түзүү жана эл аралык бренддер менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушары кошумчаланган маалыматта.






Кыргызстандык моделдер Түштүк Кореядагы Face of Asia 2025 сынагында Гран-приге ээ болушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: