ЭЛДИК КАБАР: "Токтогулга суу толуп калабы?" Военно-Антоновка айылында көчөлөрдө жарык жок экени айтылды
SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Сокулуктун Кожомкул (мурдагы Военно-Антоновка) айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Акмарал Гайыпбердиева кайрылып, көчөдөгү жарыктардын өчүрүлүп жатканына байланыштуу кооптонуусун билдирди.
Ал мектеп окуучулары сабактан кеч чыгышат дейт. Гайыпбердиеванын айтымында, окуучулар кечинде трассаны кесип өтүшөт. Ал жак караңгы болгондуктан кооптонуу бар. Көчөдөгү жарыктар өчкөнүнө 1 айдан ашып калды.
"Ушуну менен биздин электр жарыгыбыз үнөмдөлүп калабы? Же Токтогул суу сактагычына суу толуп калабы?",- деди ал.
Гайыпбердиева тиешелүү кызматтар карап, көчөдөгү жарыктарды жок дегенде саат 18:00дөн 21:00гө чейин күйгүзүп турушса дейт. Ал ар кандай кылмыштуулук да көбөйгөнүн кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
"Токтогулга суу толуп калабы?" Кожомкул айылында көчөлөр караңгы экени айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















