Роналду 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу анын акыркы оюну болорун айтты
Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду расмий түрдө 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу анын карьерасындагы акыркы оюну болорун жарыялады.
Клубдук жана улуттук курама команда үчүн 953 гол киргизген 40 жаштагы чабуулчу бир-эки жылдан кийин карьерасын токтоторун жарыялады.
Канадада, Мексикада жана АКШда өтө турган кийинки Дүйнөлүк чемпиондук Роналду катышкан алтынчы чемпиондук болот.
Эр-Рияддагы Tourise Summit конференциясындагы маегинде "2026-жылкы турнир сиз үчүн акыркысы болобу?" деген суроого Роналду: "Албетте, ооба. Мен 41 жашта болом жана менимче, бул менин ири турнирлерде катышкан акыркы оюнум болот",- деп жооп берген.
Роналду учурда Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубунда ойнойт жана Португалия үчүн 143 гол киргизип, эркектер арасында эл аралык футболдо эң көп гол киргизген оюнчу бойдон калууда. Ошол эле учурда ал карьерасында 1000 голдук чекке жетүү кыялын жашырбайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















