PAGASA: "Фунг-Вонг" тайфуну Филиппинден кийин Японияга карай багыт алды
Өткөн дем алыш күндөрү Филиппинде катталган "Фунг-Вонг тайфуну эми Япониянын түштүк Окинава аралдарына багыт алды.
Маалыматка караганда, тайфундун борборунда басым 994 гектопаскалды түзөт. Бюро билдиргендей, шамалдын күчү секундуна 23 метрге жетет.
Циклон бүгүн, 12-ноябрда Япониянын Окинава аралынын түштүк жээгине жакындап, андан кийин анын чыгыш жээги менен өтүшү күтүлүүдө. Метеорологдор тайфун менен катуу жаан жана шамал болорун эскертүүдө.
Жергиликтүү тургундарга деңизге чыкпоо жана сак болуу сунушталууда.
Эске салсак, "Фунг-Вонг" 9-ноябрда Филиппиндин түндүк-чыгыш бөлүгүндө катталган. Буга байланыштуу болжол менен 1,4 миллион адам эвакуацияланган. Тайфун башталгандан кийин дагы 1 миллион адам көчүрүлгөн. Соңку маалыматтарга караганда, кырсыктан 25 адам каза тапкан.
Philippine News Agency маалыматына ылайык, тайфундун кесепетинен Филиппинде болжол менен 3 миң үй электр жарыгысыз калган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















