"Даңазалуу доордун" Махидевраны эсиңиздеби? Анын ролун аткарган актриса Нур Феттахоглу 45 жашка толду
Нур Айсан - чыныгы аты - Нур Феттахоглу. Түрк сериал дүйнөсүндөгү таанымал актрисалардын бири. Аны көпчүлүк "Даңазалуу доор" сериалындагы Махидеврандын ролу аркылуу таанышат. Бирок бул анын карьерасындагы жалгыз эле маанилүү ролу эмес. Бүгүн, 12-ноябрда Нур Феттахоглу туулган күнүн белгилейт. Бул макалада дүйнөгө таанылган бул актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды бөлүшөбүз.
Балалыгы жана үй-бүлөсү
Актриса 1980-жылдын 12-ноябрында Германиянын Дуйсбург шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси ал кезде узак убакыттан бери Германияда жашап жүрүшкөн. Нур төрт бир туугандуу үй-бүлөдө чоңойгон. Ал төрт жашка чыкканда, үй-бүлөсү Түркияга кайтып келип, Стамбулдун Бешикташ районунда жашап калышкан.
Ошол жерде Нур мектепти жана лицейди аяктаган. Жаш кыз дизайнерликке кызыгып, кийим тигүү жана үлгү тартуу менен алектене баштаган. Бул иш алгач хобби катары башталганы менен, кийин кесипке айланып, Нур Стамбулдагы "Халич" университетине кирип, кийим дизайны боюнча билим алган.
Карьерасынын башталышы
Окуу учурунда ал банкта иштеп, кийин телевидениеге өткөн. Нур "Sky Türk" телеканалында "Биржа жаңылыктары" аттуу экономикалык программаны алып барып, телекөрүүчүлөрдүн көңүлүн бура алган. Теле алып баруучу катары ал белгилүү болуп, мурдагы дизайнерлик ишин убактылуу токтоткон.

Кино дүйнөсүнө кадам
Актрисалык карьерасы анын биринчи күйөөсү Мурат Айсан менен башталган. Мурат кино жаатында иштегендиктен, ал Нурга кино кастингдерге катышууну сунуш кылган. Ошентип, 2007-жылы Нур өзүнүн алгачкы ролун "Менден кандай ата чыгат?" сериалында аткарган. Ал кезде ал турмушка чыккандыктан, фамилиясы Айсан болгон.

Биринчи сериалы чоң ийгилик алып келип, Нурдун аты элге белгилүү боло баштаган. Бирок Мурат менен никеси узакка созулган эмес. Ажырашуудан кийин ал өзүнүн кыз кезиндеги фамилиясын кайра алып, Нур Феттахоглу болуп калат.

Тасмадагы ийгиликтери
Жолдошу менен эки жолго түшкөндөн кийин Нур "Жүрөктүн термелүүсү" сериалында роль жараткан. Бул ролдон кийин анын актрисалык чеберчилиги байкалып, гонорары да жогорулай баштаган. Ал атайын актёрдук сабактарга катышып, тынымсыз иштеген.
2008-жылы Нур "Тыюу салынган сүйүү" сериалында ойноп, кеңири таанымал болду. Бул сериал Түркия жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө чоң рейтинг жараткан. Дал ушул роль Нурду Түркиянын эң популярдуу актрисаларынын катарына кошкон.

2010-жылы актриса "Кассир" аттуу драмалык фильмде башкы ролду аткарган. Фильм эл аралык фестивалдарга катышып, жакшы пикирлерге ээ болгон.
"Даңазалуу доор" жана дүйнөлүк таанымалдуулук
Нурдун эң белгилүү образы - Махидевран, "Даңазалуу доор" сериалындагы султан Сулеймандын биринчи жубайы. Сериал дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, Түрк кино тарыхындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болду.

Бул роль аркылуу Нур эл аралык деңгээлде таанылып, Мерьем Узерли, Халит Эргенч, Сельма Эргеч жана Небахат Чехре сыяктуу белгилүү актёрлор менен бир сахнада ойногон.
Кийинки долбоорлор жана жеке жашоосу
2011-жылы ал "Карышкырлар өрөөнү: Палестина" аттуу фильмде роль жараткан. Бул анын “Даңазалуу доордон” тышкаркы ийгиликтүү долбоору болду.
Жеке жашоосуна токтолсок, Нур биринчи жолдошу Мурат Айсан менен ажырашкандан кийин, кайрадан сүйүүсүн жолуктуруп, ишкер Левент Везироглуна турмушка чыккан. Алардын бир кызы бар.

Жыйынтыктап айтканда Нур Феттахоглу - сулуулугу, табигый харизмасы жана актрисалык таланты менен айырмаланган жылдыз. Анын Махидевран ролу гана эмес, башка да көптөгөн кинолордогу образдары түрк жана дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн эсинде узак сакталат.
12-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















