super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Токтогул ГЭСинин кубатуулугу 240 мегаваттка көбөйдү". Энергетика министри Жалал-Абаддагы ГЭСтерди көрүп чыкты

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абадга барып, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин аякташы жана Кара-Көл ГЭСинин учурдагы иш абалы менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Ибраев Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери 2019-жылы башталганын, учурда төртүнчү гидроагрегаты ишке берилгенин белгиледи. Ал мындан улам ГЭСтин кубатуулугу 240 мегаваттка чейин көбөйдү дейт.

"Ар бир гидроагрегатка 60 мегаваттан кошулду. Учурда сыноодон өтүп бүттү. Азыр ишке киргизип жатышат",- деди министр.

Ошондой эле Ибраев Үч-Коргон гидростанциясындагы жаңыланган экинчи агрегат ишке берилгенин билдирди. Ал учурда ар бири 55 мегаваттан электр энергиясын өндүрүп жатканын белгилеп, мурункуларынын кубатуулугу 45 мегаваттан болгонун айтты. Министр калган эки гидроагрегат кийинки жылы жаңыланарын кошумчалады.

Мындан тышкары Таалайбек Ибраев 18 мегаватт болгон Кара-Көл ГЭСинин учурдагы иштөө абалын жеринде көрүп чыккан.

"Бүгүнкү күндө 8 мегаваттын ортосунда электр энергиясын берип жатат. Бул кышында суунун келишинин азайганына байланыштуу. Учурда штаттык режимде иштеп жатат",- деди министр.

Айта кетсек, Кара-Көл ГЭСи 27-октябрда президенттин катышуусунда ишке берилген.






Энегетика министри Жалал-Абаддагы ГЭСтерди көрүп чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: