Иранга элчи болуп дайындалган Кылычев кандай кызматтарды аркалаган? Өмүр баяны
Бүгүн, 12-ноябрда Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Кылычев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору болгон. Мындан тышкары, дагы кандай кызмат орундарын аркалаган?
Анын өмүр баяны
Тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Кылычев 1966-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында төрөлгөн. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал кыргыз элинин этникалык жана этнополитикалык тарыхы, ошондой эле эл аралык мамилелер жана тышкы саясат жаатында 3 монографиянын жана 80ден ашык илимий макаланын автору. Эмгек жолун 1989-жылдын август айында Кыргыз улуттук университетинин "Байыркы дүйнө жана орто кылымдар тарыхы" кафедрасына мугалим болуп ишке орношуу менен баштаган.
Эмгек жолу
- 1990-жылдын март айынан 1992-жылдын мартына чейин Өзбек ССР Илимдер академиясынын Абу Райхан Бируни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажировкадан өтүп, андан соң аспирантурада билим алган (Ташкент шаары).
- 1992-жылдын март айынан тартып Кыргыз улуттук улуттук университетинин тарых факультетиндеги "Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда 1996-жылдын март айынан бери иштейт:
- 1996-жылдын апрелинде ТИМдин биринчи орун басарынын жардамчысы болуп дайындалган.
- 1999-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигине биринчи катчы болуп дайындалган.
- 2004-2012-жылдары Тышкы иштер министрлигинде жана Ирандагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде ар түрдүү кызматтарды аркалаган.
- 2012-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Ирандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү болуп дайындалып, бул кызматты 2014-жылдын апрелине чейин аркалаган.
- 2014-жылдын сентябрында ТИМдин Азия жана Африка департаментинин Орто чыгыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган.
- 2016-жылдын июнь айында ТИМдин саясат департаментинин директорунун орун басары, ал эми 2019-жылдын январынан тартып директордун милдетин аткаруучу болгон.
- 2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын ЖАК алдындагы тарых илимдери боюнча адистештирилген диссертациялык кеңештин төрагасы болгон.
- 2019-жылдын мартынан 2023-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигинин кеңешчи-элчи кызматын аркалаган.
- 2023-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен Тышкы иштер министрлигине караштуу Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиянын ректору болуп дайындалган.
Наамдары жана сыйлыктары
- 1995-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 2005-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогоп, профессор илимий наамына ээ болгон.
- 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги узак жылдык жана үлгүлүү эмгеги үчүн президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчисинин эң жогорку дипломатиялык наамы ыйгарылган.
- 2009-жылдын март айында Тегеранда өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 10-саммитинде "Тарых, маданият жана көркөм өнөр" номинациясында 2008-2009-жылдар үчүн жеңүүчү болуп табылып, ЭКО сыйлыгынын лауреаты болгон. Сыйлык ага Түркия Республикасынын ошол кездеги президенти Абдуллах Гүл тарабынан тапшырылган.
- Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы жана юбилейлик медалдары сыяктуу бир катар мекмелик сыйлыктардын ээси.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















