Түркиянын аскердик учагы кулап, 20 адам каза тапты
Азербайжандан учуп келе жаткан Түркиянын аскердик транспорттук C-130 учагы Грузияда кулап түшкөнүн Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди. Учакта 20 түркиялык аскер болгон, анын ичинде учкучтар да бар.
Түркиянын коргоо министрлиги Грузиянын бийлиги менен биргеликте издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын жазды.
Грузиянын Ички иштер министрлиги учактын кулаганын тастыктады. Алардын маалыматына ылайык, учак Азербайжан менен чектешкен аймактан болжол менен 5 чакырым алыстыкта кулаган.
Грузия тараптын билдирүүсүндө учак куткаруу сигналын жөнөтпөгөнү жана Грузиянын аба мейкиндигине киргенден бир нече мүнөттөн кийин радардан жоголгону айтылган.
Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев кырсык боюнча Түркияга көңүл айтып, учактын Гянджа шаарынан учуп келгенин маалымдады.
Lockheed C-130 Hercules — орто жана узак аралыкка ылайыкталган аскердик транспорттук учак. Ал американын Lockheed Martin компаниясы тарабынан өндүрүлөт.
Учак аскердик жүк, кызматкерлерди ташуу, ошондой эле эвакуация үчүн колдонулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















