Акжол Махмудов Москвадагы турнирде атаандашынан жеңилип калды (видео)
Акжол Махмудов "Поддубный күрөш лигасынын" турниринде биринчи жолу жеңилүүгө учурады.
8-ноябрда кыргызстандык спортчу Москвада өткөн онунчу PWL турнирине катышты. 82 килограмм салмактагылар арасында ал болгариялык Айк Мнацаканян менен беттешти.
Алты мүнөттүк күрөштөн кийин болгариялык спортчу 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Бул Махмудовдун PWL'деги биринчи жеңилүүсү болду. Ал буга чейин орусиялык Роман Власовду жана франциялык Ибрагим Ганемди жеңген.
Акжол Махмудов Москвада турнирде атаандашынан жеңилип калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















