Жалал-Абадда Рокки баш болгон УКТ мүчөлөрү кармалышты
Жалал-Абадда опузалап акча талап кылуу менен алектенип келишкен деп уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Ноокен районунун тургундарынан акча талап кылып келишкен. Шектүүлөр алынган акча каражаттарын абактагы адамдарды колдоо үчүн коротушкан.
Ошондой эле кармалгандар жабырлануучуларды өздөрүнүн жеке жактарына катталган ири суммадагы кредиттерди төлөөгө мажбурлашкандыгы тууралуу маалыматтар алынган.
Атайын кызмат кармалгандар маркум Камчы Көлбаевдин, Чач каймана аты бар Мурзахметовдун колдоолоруна ээ болуп, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушканын белгиледи. Шектүүлөрдүн арасында Рокки каймана аттуусу 2022-жылы Ноокен районунун "смотрящийи" болуп дайындалганы кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















