"Курак" тасмасы эл аралык кинофестивалдын программасына киргизилди
Кыргызстандын "Курак" көркөм тасмасы ушул жылдын 20-26-ноябрында Колумбиянын Богота шаарында өтө турган 42-эл аралык BOGOCINE кинофестивалынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Маданият министрлиги бүгүн, 12-ноябрда кабарлады.
Маалым болгондой, BOGOCINE – Латын Америкасындагы эң эски жана абройлуу кинофестивалдардын бири. 1984-жылы негизделген бул фестиваль жаңы режиссёрлор менен дебюттук толук метраждуу тасмалар үчүн эл аралык маанилүү аянтча болуп саналат.
Тарыхта Педро Альмодовар, Пон Джун Хо, Исабель Койшет, Алехандро Иньярриту жана Родриго Гарсия сыяктуу режиссёрлор алгачкы сыйлыктарын ушул фестивалдан алышкан.
"Курак" – быйыл Борбордук Азиядан катышкан жалгыз фильм. Ал Латын Америкасы, Чыгыш Европа, Германия, Испания жана Түштүк Кореядан келген 14 тасма менен бирге негизги сынак бөлүмүндө көрсөтүлөт.
Маалымат үчүн: "Курак" азыркы Кыргызстандагы зомбулук жана мыйзамсыздыкка туш болгон аялдардын үч өз ара байланышкан окуясын чагылдырат. Режиссёрлор көркөм реализмди, нуар жана даректүү хроника элементтерин айкалыштырып, курч социалдык теманы көтөрүшөт. Аталыш кыргыздын салттуу курак ыкмасына шилтеме берип, ар түрдүү тагдырлардын бирдиктүү мозаикасын символдоштурат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2025-11-12
12:02
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















