Баткенде мыйзамсыз курулган объект боюнча чаралар көрүлдү
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Баткендеги курулуш объекттери көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айыл аймагынын Механизатордук көчөсүндөгү фельдшердик-акушердик пункт курулуш реестрине катталбай, уруксат кагаздары жок курулгандыгы аныкталды.
Натыйжада өз билемдик менен курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарып, курулуштун техникалык регламенттерин бузган "Анвар Групп" ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлдү. Башкармалык тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин негизинде акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-11-12
11:16
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















