"Комуз белек алганда аябай сүйүнгөм". Мукам үндүү ырчы, комузчу Кундуз Таштаналиева 42 жашка толду
Мукам үндүү ырчы Кундуз Таштаналиева 2000-жылдардан бери өнөр жолун аркалап келет. "Камбаркан" тобунун солисти Кундуз айым бүгүн, 12-ноябрда 42 жашка толуп, туулган күндүк куттуктоолорду кабыл алып жаткан учуру. Ырчы айымдын өздүк майрамын куттуктагандардын катарын SUPER.KG порталы дагы толуктап, каалоо-тилектерибизди айтып, бүгүнкү күндү кимдердин курчоосунда белгилээрине кызыгып көрдүк.
- Саламатсызбы, Кундуз айым? Өздүк майрамыңыз кут болсун! Туулган күнүңүздү бүгүн алгачкылардан болуп ким куттуктады?
- Саламатсызбы! Чоң рахмат! Бүгүнкү алгачкы куттуктоо саат 12ден өткөндө Каниет деген студентимден, анан уулумдан болду.
- Эсте калган туулган күндүк белегиңиз эмне болгон жана ким берди эле?
- Эсте калган белегим, студент кезде бир тууган сиңдилерим, көп роза белек кылган. Анда мен "эмне кымбат белек кыласыңар" деп урушкам жана ошол эле учурда сүйүнгөм. Анан бир туугандарым комуз белек кылганда да аябай сүйүнгөм.
- Сонун! Өзгөчө тоскон өздүк майрамыңызды айтып бересизби?
- Студент куракта курбу кыздар жатаканада кенен стол жасап, жакындар келип, ырдап-чордоп, абдан шаңдуу өткөргөнбүз. Ошол эсимде калыптыр.
- Бүгүнкү күндү кимдердин курчоосунда белгилейсиз?
- Бүгүн, буюрса, жакындарым менен Улуттук филармонияда "Раймалы менен Бегимай" мюзиклына катышып жатып тосом.

- Өздүк майрамды белгилөө боюнча инсандар экиге бөлүнүшөт. Айрымдар жашоого келген күнүм деп кубанышса, кээ бирлери белгилегенди жактырышпайт. Сиз кайсынысына киресиз?
- Мен ар бир туулган күнүмдү көргөнүмө ыраазы болуу менен тосуп турам.
- Эң сонун! Убакыт бөлүп маек бергениңизге чоң рахмат. Туулган күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктайбыз. Ийгиликтүү күн каалайбыз.
Эске салсак, Кундуз Таштаналиева Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында 1983-жылы төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, элдик ыр бөлүмүн аяктаган. Ырчынын репертуарындагы ырлар – "Сакта", "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Күтүлбөгөн жаз" жана башкалар.

Ырчы айым "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде комуз чертүүгө кызыгуусу 2-класста окуп жүргөн кезинде жаралганын айтып берген.
"Кичинемде тилим эрте, абдан так чыгыптыр. Тынбай сүйлөп, суроо берип жанымда жүргөн кишинин мээсин кагып алчу экем. 2-класста мектепте комуз ийрими ачылды. Класстын жанынан өтүп бара жатсам эле "Жаштар маршы" күүсү угулду. Ошол класстын жанынан кетким келбейт, комуздун үнүнө арбалып турдум. Үйгө келип эле "ата, мага комуз таап бериңиз" дедим. Мени ээрчитип алып агасынын үйүнө комуз сураганы барды. Бир кылы үзүлгөн комузду алып келип оңдоп берген. Ийримге барган күнү эле "Жаштар маршынын" эки кайрыгын үйрөнүп алгам. Кичинекей кезимде Роза Амановадан ушунчалык таасирленчүмүн. Анын сахнага чыкканы, кооз кийимдери, мукамдуу ырдаганы, баары тартып турар эле. Кийин профессионалдуу музыкага аралашканда Мыскал Өмүрканованы тааныдым. Устатым "табиятынан сейрек кездешкен үн, үндү аябай жакшы чогултат" деп ошол кишинин ырларын угузчу", - деди Кундуз айым.
Таштаналиеванын айтымында "Камбаркан" тобуна 2-курста окуп жүргөн кезинде кошулган.

"Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы курсунда 2-курста окуп жүргөндө устатым Улукмырза Полотов "сенин аракетиң аябай күч экен, өзүңдү сынап көр" деп мени филармонияга "Камбаркан" тобуна алып келди. "Камбарканда" бир жылдай сыноодо жүрдүм, анан топко расмий түрдө кабыл алышты. 2004-жылдан бери "Камбаркан" тобунун курамындамын. Ал жактан Нурак Абдрахманов, Бакыт Шатенов, Саламат Садыкова, Дилшат Кангелдиева, Улан Качкыналиев өңдүү таланттарга аралашып, жуурулушуп жүрүп өстүм. Алардын таасиринде жазган обондорум дагы бар. Ушул кишилерди деле устат деп айтсам болот. Устатчылык бул түгөнбөгөн тема, күнү-түнү сүйлөшсөң дагы жарашат",- деп кошумчалады ырчы айым.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















