Садыр Жапаров Түркиянын президентине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга аскердик учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
“Азербайжан Республикасынан Түркия Республикасына бара жаткан аскердик учак кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн сизге жана Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Айта кетсек, кечээ, 11-ноябрда Түркиянын аскердик учагы кулап, 20 адам каза тапканы маалымдалган. Түркиянын коргоо министрлиги Грузиянын бийлиги менен биргеликте издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын жазды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















