Актриса Мадалена Абдрахманова 21 жашка толду

Бүгүн, 12-ноябрда блогер, актриса жана белгилүү актёр Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашованын кызы Мадалена Абдрахманованын туулган күнү. Ал бүгүн 21 жашка толду. Актриса 2004-жылы ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн.
Ал кичинесинен тарта театрдагы спектаклдерге катышып, чыгармачыл чөйрөдө чоңойгон. Анын алгачкы тартылган тасмасы "Таң алдында" аттуу сериал. Андан кийин "Такси", "Ашыгым", "Абысындар", "Жылкычы чымчык" жана башка бир топ тасмаларда башкы ролдорду жараткан.

Мадалена бүгүнкү туулган күнүнө карата социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, сүйүүнү жана кечирүүнү билген аял болууга умтулуп жатканын жазды.
"Бул жылдар аралыгында эне, жар, кыз, эже болдум. Мен курактуу айрым кыздар дагы деле ойноп, өзүн издеп жаткан кези. Мен өзүмдүн теңтуштарыма караганда эрте чоңойдум окшойт. Кээде менде деле эч нерсени ойлонбой, күлүп жүрө бергим келген учурлар болот. Бирок мен башка жолду үй-бүлөмдү, сүйүүнү жана жоопкерчиликти тандадым. Балким, баары оңой менен келе бербейт. Бирок дал ушул нерселер мени күчтүүрөөк, акылдуураак жана өзүмө ыраазы кылат. Мен сүйүүнү жана кечирүүнү билген эч нерсеге багынбаган аял болууну үйрөнүп жатам",- деп билдирүү калтырган.

Ал эми Мадалена Абдрахманованын жолдошу блогер, актёр Нуркул Адылбеков жубайын туулган күнү менен куттуктап пост жазган. Анда ал Мадаленага ыраазычылык билдирип, мыкты эне болуп жатканын кошумчалаган.
"Туулган күнүң менен жаркылдагым! Ушунчалык жан дүйнөң таза адамсың. Жөнөкөйлүгүң, акыл-эстүүлүгүң баарын суктантат. Мени дайыма колдоп, эстүүлүгүң, сүйүүң менен жанымда болуп келе жатасың. Мадешим, сен эң мыкты апасың, аны чоңойгондо Баян өзү дагы сага айтат. Сени сүйөм, барктайм",- деп билдирүү калтырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















