Кыргыз-Тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Облустук башкармалык учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылган. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулган. Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынган.
"Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо жай, бак дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет. Лейлек району боюнча 108 объект бузулуп алынган. Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2025-11-12
12:02
2025-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















