super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Путинге Токаев аркылуу кат жөнөткөнү айтылды

 

Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптан Украина маселеси боюнча кат алды. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, Трамптын катын Путинге Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жеткирген. Токаев 11-ноябрда Москвага иш сапары менен барып, Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Расмий билдирүүдө сүйлөшүүлөрдүн мазмуну толук айтылган жок, бирок тараптар "өзгөчө мааниге ээ маселелерди" талкуулаганы айтылат. Байкоочулар бул жолугушууда Украинадагы жаңжалдын жөнгө салынышы негизги тема болушу мүмкүн деп эсептешет.

Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев 6-ноябрда АКШда өткөн "Борбордук Азия + АКШ" саммитине катышып, жыйындын жүрүшүндө Казакстан менен АКШ жалпысынан 17 миллиард долларлык инвестициялык келишимдерге кол коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: