super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиев Өзгөндө эки үй-бүлөгө жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырды (фото)

 
Ушул жылдын 23-августунда Камчыбек Ташиев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айылдагы эң муктаж эки үй-бүлөгө өз үй-бүлөсүнүн каражатынан турак жай салып берүүнү убада кылган эле.
Айыл эли бул демилгени колдоого алып, чындап эле жашоо шарты оор, жардамга муктаж эки үй-бүлөнү биргелешип тандап берген. Эки айга жетпеген убакыттын ичинде эки үй тең толук бүткөрүлүп, бүгүн жаңы ээлерине тапшырылды.
Жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине Камчыбек Ташиев өзү катышты. Ал Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, жалгыз бой эне, эки уулдун апасы Марапат Тагаевага жаңы турак жайдын ачкычын тапшырды. Турак жайды Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев өз каражатына куруп берген.
Марапат Тагаева көп жылдан бери эскилиги жеткен, шарты жок, эки бөлмөлүү үйдө жашап келген. Анын эки уулу тең нерв оорулары менен жабыркап, апасынын тынымсыз көзөмөлүнө муктаж. Эми бул үй-бүлө толук ыңгайлуу шарттары бар жаңы үйгө ээ болуп, турмушунда чоң өзгөрүү болду.
Экинчи үйдүн ээси - Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу тургун, жалгыз бой эне Элнура Чекирова. Ал беш баланын апасы, алардын эң улуусу 17 жашта болсо, эң кичүүсү болгону 9 айлык. Үй салууга мүмкүнчүлүгү жок болгон бул үй-бүлө да бүгүн жаңы, кенен жана заманбап үйгө ээ болду. Бул турак-үй да Тай-Мурас Ташиевдин каражатына салынган.
Жаңы турак жайдын ачкычын Камчыбек Ташиев өзү тапшырды. Ал кайрымдуулук иштерди улантуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеп, мындай жардам элдин ынтымагын жана бири-бирине боорукерлигин чыңдай турганын айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: