super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Үзүп алган... Манас шаарында кыз тилин тиштеп алган жигит ооруканага кайрылды

 

Манас шаарында астынкы илеби менен тилинин жарымы жок абалда 26 жаштагы жигит ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 8-ноябрь күнү болгон. Анда Манас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынан кабарлашкан. Маалым болгондой, таңкы саат 03:00 чамасында Манас шаарынын 1999-жылы туулган С.уулу Н. аттуу тургуну астынкы илеби жана тилинин жарымы жок абалда ооруканага келип кайрылган.

"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жабыркаган жаран 2006-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөнү жана алар досунун тоюна чогуу барып спирт ичимдигин ичишкени аныкталган. Алар өбүшүп жатып А.Ж. аттуу кыз жигитинин тилин жана илебинин ылдыйкы тарабын тиштеп үзүп алган, ошондой эле алардын акыл-эси соо, эч кандай психикалык оорулар менен оорубагандыгы маалым болгон",- деп айтылат маалыматта.

Учурда Манас ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бейтаптын тилинин болжол менен 30 пайызы, ал эми ылдыйкы эриндин 40 пайызы үзүлүп кеткен. Жабыркаган жерлер ийгиликтүү тигилип, бейтаптын абалы туруктуу экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: