Казакстанда балдарга TikTok жана Instagram'га кирүүгө тыюу салуу сунушталды
Казакстан Мажилисинин депутаты Асхат Аймагамбетов социалдык тармактарга катталуу үчүн жаш курактык чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Аймагамбетовдун айтымында, азыр TikTok жана Instagram сыяктуу платформаларда 5-6 жаштагы балдар ата-энесинин уруксатысыз катталып жатышат. Депутат башка өлкөлөрдө мындай чектөөлөр буга чейин эле бар экенин белгилеп, мисалы Дания менен Австралияда катталуу 15-16 жаштан гана уруксат берилерин, ал эми АКШ жана Англияда ата-эненин макулдугу талап кылынарын билдирди.
Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү боюнча вице-министр Дмитрий Мун Казакстанда азырынча катуу чектөөлөрдү киргизүү пландалбаганын, бирок бул багытта иштер жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, негизги максат - айрым контентти гана чектөө менен бирге, балдардын санариптик өнүгүүсүн токтотпой, дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш иш алып баруу.
Аймагамбетов социалдык тармактардын балдарга тийгизген терс таасирине токтолуп, смартфон "тарбиячы эмес" экенин белгиледи. Ал ашыкча гаджет колдонуу көңүл буруу, уйку жана психикалык абалга зыян келтирерин айтып, социалдык тармактарга кирүү үчүн жаштык чекти мыйзам менен киргизүү маселесин талкуулоону сунуштады. Депутат мындан тышкары балдарга цифрдык гигиенаны үйрөтүү жана ата-энелердин көзөмөлүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















