Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларда QR-код аркылуу төлөө системасы ишке кирди
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап ыкмасын киргизүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот.
Муну менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотулат. Бул каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт жана мындай аракет менен коррупциянын алдын алууга шарт түзүлөт.
QR-код аркылуу кантип төлөм жүргүзүү керек:
- Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңызда жайгашкан QR-кодго багыттаңыз.
- QR-кодду сканерлегенден кийин GDTI.KG сайтына өтүңүз.
- Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.
- Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.
Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот. Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган. Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.
Белгилей кетсек, Орозбеков көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жана Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыгында, Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө QR-код системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жакынкы аралыкта накталай эмес төлөм толугу менен ишке киргизилип, борбордун дагы башка көчөлөрүнө этап-этабы менен жайылтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















