super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиев Өзгөндө футбол аянтчасын ачты

 
Бүгүн, 12-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жаңы футболдук аянтчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чарага Камчыбек Ташиев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 23-августунда Камчыбек Ташиев Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүүлөр айылда спорттук аянтчанын жоктугун айтып кайрылышкан болчу. Ошол учурда берилген тапшырманын негизинде кыска убакыттын ичинде заманбап футбол аянтчасы курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди.
Жаңы аянтча балдар менен жаштардын ден соолугун чыңдоого, айылдагы спортту өнүктүрүүгө жана эрежелүү жашоого үндөөгө багытталган. Айыл эли эми балдарынын спорт менен алек болушуна шарт түзүлүп, келечекте мыкты футболчулар ушул айылдан чыгарына ишеним артып турат. Тургундар элдин талабын жеринде угуп, маселени тез арада чечип бергендиги үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдиришти.
Август айындагы жолугушууда тургундар айылдагы мектептердин жетишсиздигин да белгилешкен. Бул маселе да чечүү баскычында: учурда тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, каржылоо толугу менен камсыздалган. Курулуш иштери жакын арада башталары жергиликтүү бийлик тарабынан маалымдалды.
Камчыбек Ташиев ошондой эле Кызыл-Октябрь аймагындагы “Кекилик-Учар” тарыхый-мемориалдык комплексине барып, өткөндөрдүн арбагына багыштап Куран окуду. Андан соң, аймакта жакында бүткөрүлгөн жалпы узундугу 12 чакырым болгон жолдун абалы менен да таанышты.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев ушул жылдын август айында Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда айтылган бир катар көйгөйлөрдү чечүү боюнча жеринен тапшырма берген. Учурда бул тапшырмалардын басымдуу бөлүгү аткарылып, элдин жашоо шарты жакшыртылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: