"Куугам". Ташиев Өзбекстандан чек араны тосууга зым сатып алган генералды эмне кылганын айтып берди
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасына зым тартуу иштери тынымсыз жүрүп жатканын айтты.
Анын айтымында, чек араны тосууга колдонулуп заткан зым торлор өлкөнүн бардык түрмөлөрүндө өндүрүлүп жатат. Учурда Лейлек жана Баткен райондору боюнча 114 гектер жерге зым тартылган.
Ошондой эле атайын кызматтын башчысы чек араны тосуу үчүн Өзбекстандан зым сатып алган чек ара кызматынын директорунун орун басары, генерал Данияр Сатимовго кайра зымдарды өткөрүүнү тапшырганын билдирди.
"Күнү-түнү иштеп жатабыз. Зым торлордун бардыгын өзүбүз чыгарып жатабыз. Өткөндө генерал Сатимовдун атына Өзбекстандан зым алынган экен, кайра ошол зымдын үстүнө өзүн отургузуп туруп "бар Өзбекстанга өткөрүп кел!" деп куугам",- деди Ташиев Оштун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда.
Ташиев Өзбекстандан чек араны тосууга зым сатып алган генералды эмне кылганын айтып берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















